БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттешинен улам 19-ноябрда кечинде саат 17:00дөн тарта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго чектеш көчөлөр мелдеш аяктаганга чейин жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Ага ылайык, Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки аймагы, Фрунзе көчөсүнүн Исановдон Панфиловго чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстан курама командаларынын оюну саат 20:00дө башталат.
ЖКККББ айдоочуларды бара турчу жерин алдын ала пландоого чакырат.