Кыргыз-тажик оюнчулары 13 жолу беттешкен. Бардык оюндун жыйынтыгы

19-ноябрда футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатынын тандоо турларынын кийинки этабына өтүүдөгү башкы каршылашы менен ойнойт.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары жалпысынан 13 жолу беттешкен. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынан кабарлашты.

Кыргыз-тажик оюнчулары 13 жолу беттешкен. Бардык оюндун жыйынтыгы

19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет. Учурда Кыргызстандын командасы F тайпасында алган упайлары боюнча экинчи орунда турат

Буга чейин өткөн 13 оюндун үчөөндө Кыргызстан жеңишке жетсе, тажик футболчулары сегиз жолу уткан. Андан сырткары, командалар эки жолу тең чыккан. Жалпысынан Кыргызстандын курамасы 11 гол киргизип, бирок 19 топту өз дарбазасына киргизип жиберген.

Кыргызстан — Тажикстан матчында фан-зона уюштурулбайт
Командалар биринчи жолу 1992-жылы жолугуп, тең чыккан. Андан кийинки төрт оюнда Тажикстан жеңишти камсыздаса, "Ак шумкарлар" (Кыргызстандын курамасы) алтынчы жолу беттешкенде жеңишке жеткен. Эки команданын көп оюндарынын жыйынтыгы бир топ менен гана айырмаланган. Эң ири эсеп 2013-жылы Бишкекте болгон мелдеште катталган. Анда оюн 1:4 эсебинде тажик оюнчуларынын пайдасына аяктаган.

Белгилей кетсек, кыргызстандык оюнчулар Бишкекте, Душанбеде жана Дакка шаарында өткөн мелдеште жеңишке жеткен.

Эки команда Бишкек шаарында төрт жолу беттешкен. Анда кыргызстандык оюнчулар бир жолу жеңишке жетип, эки жолу утулуп, бир жолу тең чыгышкан.