ШИИБ: 60 жаштагы күзөтчүнү сабаган киши милицияда иштеген

Шаар милициясынан аталган кишинин изделип жатканы айтылды. Окуя 30-октябрга караган түнү болгон. Таяк жеген күзөтчү катуу жабыркап, ооруканага кайрылууга аргасыз болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкекте 60 жаштагы күзөтчүнү катуу сабап салган киши 2014-жылдын октябрь айынан тарта 2015-жылдын февралына чейин Ош облустук милициясынын Жол кайгуул кызматында иштеген. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматы шектүүнүн аты-жөнүн тактады. Ал 28 жаштагы Мирмухамбет Ишембеков болуп чыкты. Болжолдуу жашаган дарегине барып таппай койгон укук коргоо кызматкерлери шектүүгө издөө жарыялады.

Бир кишини ур-тепкиге алган делип эки милиционер шектелүүдө
Эскерте кетсек, 30-октябрга караган түнү саат 02:30дар чамасында Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда күзөтчү ур-тепкиге алынган. Жабырлануучу тараптын айтымында, күзөтчү токтоп турган унаанын жанында заара ушатып жаткан жигитке эскертүү берген.

Жабырлануучу эртеси ооруканага кайрылып, факты боюнча иш козголгон.

17-ноябрь күнү социалдык тармакка изделип жаткан адамдын милиция формасын кийип турган сүрөтү жарыяланып, анын укук коргоо органдарында иштеши мүмкүн деген божомолдор айтылган. Милиция аталган фактыны текшерип жатканын билдирген.