Крымдагы украин кемелеринин кайтарылышы Зеленский үчүн белги экени айтылды

2018-жылы 25-ноябрда Украинаны аскер деңиз күчтөрүнүн "Бердянск", "Никополь" жана "Яны Капу" кемелери Россиянын мамлекеттик чек арасын бузуп, бийликтин расмий талаптарына көңүл бурбай бир нече саат кооптуу маневрларды жасаган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Крым парламентинин элдик дипломатия жана улуттар аралык мамиле боюнча комитетинин башчысы Юрий Гемпель бир жыл мурда кармалган украиндердин аскерий кемесин Киевге өткөрүп берүү жарашууга болгон аракет экенин билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

Буга чейин жарым аралдагы күч түзүмдөрүндөгү булак Керч кысыгында токтоп турган "Бердянск", "Никополь" жана "Яны Капу" кемелери украин тарапка берүү үчүн нейтралдык аймакка баратканын билдирген.

"Бул логикалык жактан туура маселе жана президент (Владимир Зеленский — авт.) баштаган бийликке болгон олуттуу белги. Өз кезегинде Россиянын коңшулук карым-катнашты оңдоого болгон аракети, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маселелерди түшүнүүнүн жолун издөөгө жасалган кадам", — деди Гемпель.

Путин Зеленский менен Казакстанда жолугушууга кандай карайт. Видео
Ал ошондой эле Киев тараптан жооп иретинде ушундай эле кадамдарды күтүп жатканын кошумчалады.

Керч кысыгындагы чагымчылдык

2018-жылы 25-ноябрда Украинаны аскер деңиз күчтөрүнүн "Бердянск", "Никополь" жана "Яны Капу" кемелери Россиянын мамлекеттик чек арасын бузуп, бийликтин расмий талаптарына көңүл бурбай бир нече саат кооптуу маневрларды жасаган.

Жыйынтыгында мыйзам бузгандарды кармоо чечими кабыл алынган. Операцияны жетектеген Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлдөрүн кошкондо жалпысынан 24 аскер кармалган.