Бишкекте автоунаа коюп кеткен аял каза болуп калды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымдашынча, окуя 18-ноябрда эртең мененки саат 8:00дөр чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 18-ноябрда, Юнусалиев көчөсүндө (Ахунбаев көчөсүнөн өткөндөн кийин) Nissan X-Trail үлгүсүндөгү автоунааны айдап бараткан эркек киши түндүктү көздөй баратып аялды коюп кеткен. Ал алган жаракатынан окуя болгон жерде көз жумган.

Маалыматты Бишкек шаардык милиция да тастыктап, окуя эртең мененки саат 8:00дөр чамасында болгонун билдирди.

"Аялдын аты-жөнү такталууда. Автоунаа айып короого алып келинди", — дешти тартип сакчылары.

Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын тактап жатат.