Учурда ишкерлердин арасында бизнеске насыя алып, туура пайдаланбай, аягында күйүп кетип атышат. Биз банктарга насыя берүүдөн мурда абдан жакшы тренингдерди өтүп, анан гана каражат берсин деген сунушту берип жатабыз. Бул тууралуу Айжан Чыныбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ишкердин кичинекей сапаттуу бизнеси болсо, андан чоң бизнеске сөзсүз өтөт.
"Биз июнь айында регионалдык чоң форумдан көп аял ишкерлер менен тааныштык. "Аял ишкерлердин маалымат базасы" долбоору боюнча иштер аткарылып жатат. Биздин максат ар кандай бизнестин түрү менен алектенген аялдарды чогултуп, электрондук базага киргизип, бири-бирибизге жардам берүү болуп саналат. Ошондуктан ишкер айымдар болсо бизге кайрылып, өздөрү жана жасаган иши тууралуу маалыматтарды калтырышса болот. Алсак, бизде аялдар кол өнөрчүлүк менен алектенип боз үйдүн кийизин даярдап, анын ичиндеги түрдүү буюмдарды жасашат. Улуттук колориттеги сувенирлерге чет элдиктер абдан кызыгат. Көп ишкерлер өз продукцияларын сатканды билишпейт. Мисалы, биздеги туристтик компанияларга мындай буюмдарды сатыкка койсок абдан жакшы өтмөк", — деди Чыныбаева.
Ал бизнес ачайын деген аялдар ушул сферада көп жылдан бери жүргөн адамдардан кеңеш алып, жок дегенде жанында бир жыл жүрүшү керектигин же аталган фонддогу устат-шакирт долбоорундагы тажрыйбалуу ишкерлерден билим алса болорун кошумчалады.