БИШКЕК, 17-ноябрь. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй аймагында +6...+11, Таласта +7...+12, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +9...14, Нарын жергесинде +4...+9 градус, ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө +5...+10 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкекте күн ачык болуп, борбор калаада +9...+11, Ош шаарында +11...+13 градус жылуу болору болжолдонду.