Билл Гейтс дүйнөдөгү эң бай адамдардын көч башында

Америкалык Bloomberg Billionaires Index басылмасынын жазганына караганда, Гейтстин байлыгы 110 миллиард долларды түздү.
Sputnik

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс Bloomberg басылмасынын рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң бай адамдардын сап башына чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Кыргызстандын футболчулары FIFA рейтингинде үч тепкич көтөрүлдү
Bloomberg Billionaires Index басылмасынын жазышынча, Гейтстин байлыгы 110 миллиард долларды түздү. Эксперттердин айтымында, Гейтс Пентагон менен он жылга наркы 10 миллиард доллар болгон келишим түзгөндүктөн байлыгы көбөйгөн.

Экинчи орунда Amazon компаниясынын ээси Жефф Безос турат. Анын байлыгы 109 миллиард доллар деп бааланууда.

Ал эми үчүнчү орунда LVMH (Louis Vuitton Moet Hennessy) корпорациясынын жетекчиси Бернар Арно турат. Баалоолор боюнча анын байлыгы 103 миллиард долларды түзөт.