Радио

Сагынбаева: 20-ноябрда аял ишкерлердин күнү белгиленет

Аялдардын дүйнөлүк ишкердик күнүнүн Кыргызстандагы расмий элчиси Айнура Сагынбаева аял ишкерлер күнүнө карата 20-ноябрда иш-чара өтө турганын айтты.
Sputnik
Сагынбаева: 20-ноябрда аял ишкерлердин күнү белгиленет

Аялдардын дүйнөлүк ишкердик күнү 2014-жылдан бери БУУнун демилгеси менен 104 өлкөдө белгиленип келет. Биз да артта калбай 5 жылдан бери бул күндү майрамдап келе жатабыз. Бул тууралуу Айнура Сагынбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага эл аралык уюмдар, премьер-министр, бир топ бирикмелер катышып, тийиштүү маселелер талкууланат.

"Аял экономикага аралашпаса ИДП, медицина, билим тармагы жакшырбайт. Аялдардын бизнести алып баруусуна болгон негизги тоскоолдук – насыя алуудагы кыйынчылыктар. Бизде аялдын наамына мүлк жазыла бербейт. Андан тышкары, аял кишинин үйдөгү жумуштары да көп. Өзгөчө аймактардагы аялдар үй жумушунан бошоп шаарга билим алууга келүүсү кыйыныраак. Ошол себептен айыл жергелерине ишкерлик боюнча курстарды ачсак пайдасы тиет деген ойдомун", — деди Сагынбаева.

Ал аймактардагы айымдар кол өнөрчүлүк менен алектенерин, өзгөчө туризмге салым кошоорун кошумчалады.