Ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип дагы бир киши кармалды

10-ноябрда кечинде Стамбулдун Фатих аймагынан мейманканалардын биринин алдынан ишкер Айэркен Саймаити атып өлтүрүлгөн болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары дагы бир киши кармалды. Бул тууралуу Haberler басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 24 жаштагы шектүү Нормакхамат 12-ноябрда кармалып, тинтүү учурунда жанынан кылмыш жасоодо колдонулган курал табылган. Түрк ЖМКларынын жазганына караганда, төрт шектүүнүн иши сотко өттү.

ИИМ киши колдуу болгон Саймаити Кыргызстанда эмне кылмыш кылганын айтты
Эске салсак, 10-ноябрда кечинде Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин алдынан ишкер Айэркен Саймаити атып өлтүрүлгөн болчу.

Кийин шектүү катары үч киши Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган учурда Адана аймагынан кармалган. Айрым маалыматтарда колго түшкөн үч кишинин экөө Кыргызстандын жараны экени айтылган, бирок кийин Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы шектүүлөргө Кыргызстандын паспорту берилбегенин жана КРдин жараны эместигин кабарлаган.

Андан сырткары, кылмыш болгон аймактан анча алыс эмес жерден Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа табылган. КР Тышкы иштер министрлиги Сопоков буга чейин да бир нече эреже-шарттарды бузганын айтып, ал мамлекет башчынын Жарлыгы менен иштен алынган.