"Манас" аэропортунун жолунда автоунаа ала салып, трассадан чыгып кетти. Сүрөт

Жол кырсыгы 16-ноябрга караган түнү "Манас" айылына жакын жерде болгон. Милициядан кабарлашкандай, айдоочу рулду башкара албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. 16-ноябрга караган түнү "Манас" аэропортуна бараткан жолдо жеңил автоунаа ала салып, трассадан чыгып кеткен. Кырсыктын сүрөттөрү "Бишкек сегодня" Telegram-каналына жарыяланды. 

"Манас" аэропортунун жолунда автоунаа ала салып, трассадан чыгып кетти. Сүрөт

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы жол кырсыгы болгонун ырастады. Маалыматка караганда, окуя түнкү саат 1:30дар чамасында "Манас" айылына жакын жерде болгон. 

"Манас" аэропортунун жолунда автоунаа ала салып, трассадан чыгып кетти. Сүрөт
"Volkswagen Passat автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калгандыктан машина ала салган", — дешти милициядан.

Айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Башка эч ким жабыркаган эмес.