Кара-Кечеде 30 жаштагы киши кагышкан эки КамАЗдын ортосунда калып каза тапты

Түгөл-Сай айылынын тургуну эки КамАЗга жол көрсөтүү үчүн ортосунан чуркап өтүүгө аракет кылган. Айдоочулардын бири аны чаңдан байкабай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде 30 жаштагы киши каза тапты. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 15-ноябрь күнү саат 17.00дө Жумгал РИИБине Түгөл-Сай айылынын тургуну кагышкан эки КамАЗдын ортосуна кыпчылып калганы тууралуу маалымат түшкөн. Бейтап ооруканага жеткирип бараткан жолдо көз жумган.

"30 жаштагы киши эки КамАЗга жол көрсөтөм деп ортосунан чуркап өтүүгө аракет жасаган. Бирок жүк ташуучу унаалардын бири экинчисин сүзүп кеткенде киши анын ортосунда калган. Айдоочу аны чаңдан көрбөй калган", — дешти милициядан.

Эки КамАЗ тең айып короого токтотулуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.