Радио

Жумагулова: электрондук каталог аркылуу дарылардын үч түрдүү баасын көрсө болот

Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты боюнча консультанты Жылдыз Жумагулова өлкөдөгү дарылардын баасын жөнгө салган убактылуу эреже кабыл алынганы препараттардын электрондук каталогу түзүлө баштаганын айтты.
Sputnik
Жумагулова: электрондук каталог аркылуу дарылардын үч түрдүү баасын көрсө болот

Электрондук каталог аркылуу онлайн режиминде дарылардын үч түрдүү баасын көрүүгө болот. Бул тууралуу Жылдыз Жумагулова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук тизме 2020-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт.

"Өлкөдөгү дары-дармектин баасын жөнгө салган убактылуу эреже боюнча өкмөттүн токтому күчүнө киргени препараттардын наркы электрондук каталогго киргизилет. Каалоочулар онлайн режиминде Саламаттык сактоо министрлигинин же Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин сайтына кирип препараттардын үч түрдүү баасы менен тааныша алат. Электрондук каталогдо дарыларды өндүргөн тараптын койгон баасы жана өлкө аймагындагы чекене жана дүң баада сатыкка коюлган наркы көрсөтүлөт. Мындан улам бааны жөнгө салуучу ведомстволор менен бирге жөнөкөй жарандар да көзөмөл жүргүзө алышат. Азырынча электрондук каталогго Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун программасынын алкагындагы гана препараттар киргизилип жатат", — деди Жумагулова.

Ошондой эле ал дарылардын электрондук каталогун түзүү иштери аяктаган соң анын мобилдик тиркемесин да иштеп чыгуу пландары бар экенин кошумчалады.