Алеппо провинциясынын түндүгүндө жайгашкан аэродром жакында эле Сирия өкмөтүнүн көзөмөлүнө өткөн.
Америкалыктар бул аймактан шашып чыккандыктан буюмдарын, спорт каражаттарын, тамак-ашын таштап кеткен.
Бирок АКШ нефтиден улам Сириядан толугу менен чыгып кете элек.
Буга чейин Россиянын Тышкы иштер жана коргоо министрлиги Вашингтон нефтиден айына түшкөн 30 миллион доллардан ашык каражатты аларга көз карашы түз болгон аскерий түзүлүштөргө жумшап жатканын билдирген болчу. Себеби бул нерсе абалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып келет.