БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бир катар кыргызстандык ардагер спортчуларга мамлекеттик наамдар берилгенин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Ага ылайык, өкмөттүн алдындагы Спорт агенттигинин токтому менен тогуз адам наам алган.
"Ардагерлер арасында КРдин эмгек сиңирген спорт чеберин" алгандар:
- Мелис Турганбаев (57 жашта) — эркин күрөш;
- Чынарбек Изабеков (49 жашта) — эркин күрөш;
- Жаркынбек Шамбетов (55 жашта) — дзюдо;
- Таалайбек Масабиров (53 жашта) — дзюдо;
- Алимбек Рахимов (53 жашта) — пауэрлифтинг.
"Ардагерлер арасында КРдин эл аралык класстагы спорт чеберин" алгандар:
- Бердикул Караев (58 жашта) — грек-рим күрөшү;
- Тазабек Икрамов (45 жашта) — грек-рим күрөшү;
- Билимбек Капарбек уулу (42 жашта) — эркин күрөш;
- Канат Шабданбаев (37 жашта) — грек-рим күрөшү.
Үстүбүздөгү жылдын 8-13-октябрь күндөрү Грузиянын Тбилиси шаарында ардагер балбандар арасында дүйнө чемпионаты өткөн. Мелдештин алкагында ЖАМКтын жетекчиси Мелис Турганбаев чемпион болсо, ЖК депутаты коло байге тагынган. Ошондой эле Бердикул Караев, Билимбек Капарбек жана Чынарбек Изабеков күмүш байге алган.