Келбети үрөй учурган наристеге Россияда операция жасалды. Сүрөт

Алгач дарыгерлер кыздын бетин жаап турган кара такты тери рагы деп ойлошкон. Бирок кийин анализдери жакшы чыгып, сейрек кездеше турган кал деген диагноз коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. АКШда бетинин теңинен көбүн кал басып төрөлгөн кызды дарылоо үчүн Россияга алып келген апасы эки жолку операциянын жыйынтыгын журналисттерге айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эске салсак, флоридалык 35 жаштагы Кэрол Феннер аттуу келин ушул жылдын март айында кыздуу болгон. Дарыгерлер ымыркай төрөлгөндө бетин жарым-жартылай каптап турган кара такты көрүп, тери рагы деп божомолдошкон. Бирок кийин анализдери жакшы чыгып, меланоцитардык невус — сейрек кездеше турган кал деген диагноз коюлган.

Кийин анын ата-энеси кызын дарылап бере турган мыкты дарыгерлер Россияда бар экенин билип, бөбөктү Краснодарга алып келишкен.

"Биринчи операцияда дарыгерлер калдын чекедеги бөлүгүн алып салышты. Экинчисинде терисин жумшартып, көзүнүн тегерегин бир аз тазалашты. Азырынча жыйынтык чыгара албайм. Анткени операция кылган жери дагы деле таңылып турат. Бирок таңгыч бир аз жылып кеткенде теринин аппак болуп калганын көрдүм", — деп кубанды апасы.

Анын айтымында, азыр бөбөктүн бутунда майда калдар пайда боло баштаган. Андыктан медиктер дарылоону бир аз токтото турууну чечти. Анын үстүнө наристе менен апасынын визасынын мөөнөтү аяктап, өз мекенине кайтууга мажбур болуп турушат.

"Жаз алды менен Россияга кайтып келели деп турабыз. Эмки дарыланууга жарым жылдай убакыт кетет. Бирок бизге ошончо убакытка виза беришеби, азырынча белгисиз", — деди Феннер.

Кыздын энеси Россияда тааныштары жок болгондуктан, кыйналып кеткенин дагы кошумчалады.