Венециянын 80 пайызы суу алдында калды. Сүрөт, видео

Суунун көлөмү адамды көмө турган деңгээлге жеткен. Бийлик өкүлдөрү буга чейин деле шаарды каптап келгенин, бирок анын деңгээли 110 сантиметрден ашпаганын айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Италиянын Венеция шаарын акыркы 50 жылдан бери болуп көрбөгөндөй суу каптады. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул көрүнүштү акыр заманга салыштырышууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды. https://ria.ru/20191113/1560884180.html

Маалыматка караганда, суунун деңгээли 13-ноябрь күнү 1 метр 87 сантиметрге көтөрүлгөн. Акыркы жолу ушул сыяктуу көрүнүш 53 жыл мурда, 1966-жылы болгон. Анда суу ташкындап, деңгээли 1 метр 98 сантиметрге чейин жеткен.

Венеция облусунун губернатору Венето Лука Дзайа суу буга чейин деле шаарды каптап келгенин, бирок анын деңгээли 110 сантиметрден ашпаганын билдирди.

"Катуу суу каптады, эч тамашасы жок, шаардын 80 пайызы суу алдында калды. Табигый кырсык болуп көрбөгөндөй чыгым тарттырды", — деди Дзайа.

Ал эми шаар мэри Луиджи Бруньяро соцтармактагы баракчасына суу алдында калган собордун сүрөтүн жүктөп Венеция "чөгөлөп" калганын жазды. Кадрдан суу тизеге жетип турганын көрүүгө болот.

Мэр Венеция окуянын кесепетинен жүздөгөн миллион евро чыгым тартканын айтты.

"Азырынча так эсеп жок. Бирок жүздөгөн миллион евро тууралуу айта берсе болот", — деди ал.

Венециянын тургундары менен коноктору соцтармактагы баракчаларына түрдүү сүрөттөрдү жүктөшүүдө.

Руслан Артюхов аттуу киши жергиликтүү тургундарга таң берди. Ал жашоочулар башка жакка көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүгү болсо дагы өз шаарын таштабай отурушканын айтты.

"Венециялыктар, биз силер менен", — деп колдоп жаткандар бар.