НАТО күнү бүткөндүгүн жаап-жашыруу үчүн ич ара сүйлөшүүдө

"Россия кооптуулугуна каршы күрөшүү" боюнча кезектеги тилеги НАТОнун консолидациясына алып келбесе, анда түндүкатлантикалык блокту сактап калчу күч чыгары күмөн экендигин эксперт жазды.
Sputnik

Иван Данилов

Франция президенти Эммануэль Макрондун НАТОнун "мээси иштен чыгыптыр" деген маанидеги билдирүүсү европалык саясий коомчулукту бир топ дүрбөлөңгө салып, расмий Берлиндин каарына калгандай. Муну батыштык серепчилердин НАТОнун Лондон саммитин "НАТО аталган бейтаптын" ансыз да арсар тагдыры талкууланчу "медициналык консилиум" катары кабылдап жатышы айгинелейт. Азырынча бул абалды таасын сүрөттөгөн "эвтаназия" деген таамай сөздү эч ким оозана элек. Бирок Макрондун бул уюмга берген баасын натуура экенин далилдөөгө чыйпылыктагандардын кыймыл-аракетине карап баамдасак, түндүкатлантикалык альянс биротоло тарап тынганда эмне кылуу зарыл деген маселе Парижде гана тургай, европалык маалымат майданында да көтөрүлгөндөй.

«Рейтер» агенттиги Берлиндин Макрондун билдирүүсүнө нааразычылыгын мындайча жазып чыкты: "Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас жекшемби күнү НАТОго болгон ишенимди солгундатуудан сак болууну эскертти, бул Франция президенти Эммануэль Макрондун аскерий альянстын (түндүкатлантикалык альянстын – ред.) сын-пикирине карата Берлиндин эң чечкиндүү жообу болуп саналат".

НАТОнун Лондон саммитин маалыматтык жактан колдоп турган Улуу Британия басма сөзү эксперттик нааразычылыкты ого бетер май тамыза тутанткандай.

Express таблоиди НАТОнун пландоо боюнча мурдагы директору Фабрис Потьенин сөзүн келтирет: "Эгер Макрон Франция өзөктүк куралды Европанын калган бөлүгүн коргоо үчүн кантип колдонууга болорун ойлонууга даяр экенин, өзөктүк куралдын пайдаланылышын токтотууда Европа Францияга таяна ала турганын билдирсе, анда айткан сыны жөндүү эле. Бирок, албетте, айтканы андай болбоду. Өзөктүк куралды качан жана кайда пайдалануу боюнча Франциянын өз сунуштары бар. Оюнга кандайдыр бир айырмачылык киргизбей туруп, кантип НАТОну сынга аласыңар?", — деген ал.

НАТОнун жогорку даражадагы (мурдагы болсо да) өкүлүнүн Макрондун дарегине айтылган дал ушул көз карашы — Париж менен Брюсселдин (ошондой эле кыйыр түрдө Вашингтон менен дагы) ортосундагы жаңжалдын маңызын аңдап-билүү үчүн эң таамай сүрөттөмө.

Франциянын президенти мындай билдирүүсү менен НАТОнун жана жеке Дональд Трамптын талуу жерине тийгендей болду. Себеби ал НАТОнун "мээси иштен чыкты" дегенинен сырткары, түндүкатлантикалык келишимдин (НАТО ишмердигинин укуктук базасы) 5-беренесинде каралган АКШнын милдеттенмелерин аткарууга даяр экенинен шек санаганын жашырбады.

Эгер Макрондун көз карашын дипломатиялык сыпайы (албетте, "өлүү мээ" дегенинен башкасын) французчадан орусча баарлашуу тилине которсок, айрыкча АКШ үчүн бул америкалык тышкы саясий салтынан да тайгандык деле болуп саналбасын эске алганда, анын билдирүүсү "керек болсо Вашингтон өз союздаштарын сатып жиберет" деген негиздүү шектенүүсүн туюндурат.

Европалык жалпыга маалымдоо каражаттарында (анын ичинде Британиялык BBC) айтылгандар Вашингтондун колдоосуна таянып турган сириялык күрддөрдү Трамп сатып коюуга даяр экенинен кулак кагыш кылгандай, ошондой эле чабалдыктын жана убада кылып, үмүт жандырып туруп, алар үчүн күрөшүүнү каалабагандык катары кабылданат.

Макрон дал ушул чечимди сындаган жана ызы-чуу жараткан маегинде "НАТО акыркы инстанциядагы кепил катары өзүн көрсөтө алган учурда гана иштейт. Кошмо штаттардын милдеттенмелери боюнча НАТО эмне экенин кайра карап чыгууга тийишпиз" деп өз көз карашын жыйынтыктаган.

Албетте, күрддөрдүн түзүмдөрү түндүкатлантикалык келишимге кол койгондордун катарында эмес, бирок сынчылардын көз карашында бул АКШнын дарегине дооматтарды жое албайт. Анан калса, Трамп аталган альянстын бир мүчөсүнө кол салынса, жамааттык коргоо туурасындагы берененин аткарыла тургандыгынан ачык эле шек жаратып койгону бар.

Мындай өңүт, албетте, НАТОнун өкүлдөрүнүн кыжырын келтирет, Фабрис Потье: "НАТОго болгон ишеним кетсе, анда канча танк, канча учагыңыз бар экенин унута бериңиз, оюн эбак бүткөн деп билсеңиз болот" дегенинин жөнү бар. Бирок Макронго дал ошол "оюндун бүтүшү" керек, бул үчүн ал "НАТОго ишенимди солгундатууда". Себеби өзүнүн геосаясий долбоору – жалпы европалык армия үчүн жолду тазалоо зарыл.

Аныгында түндүкатлантикалык альянстын Лондондогу саммити батыш өлкөлөрүнүн аскерий өз ара иштешүүсүнүн келечегине карата эч дал келишпеген үч көз караштын тиреши үчүн аянт болууда.

АКШнын өкүлдөрү Евробиримдикке мүчө өлкөлөр аскерий чыгымдарга, тагыраак, иш жүзүндө НАТОну кармоого жана америкалык курал-жаракты сатып алуу үчүн ички дүң өндүрүмдүн төрт пайызын (бул болжол менен 752 миллиард долларды түзөт) төлөөнү баштоону талап кылат.

Тышкы иштер министри Маастын билдирүүсүнө караганда, Германиянын өкүлдөрү чыгымдарды көбөйтүүнүн кажети жоктугун кайталап, Вашингтон менен Париждин өзүмчүлдүгү үчүн сынга алат. Ал эми Франциянын өкүлдөрү НАТОну тилдеп, Евробиримдик акыры Макрондун стратегиялык көз карашын жүзөгө ашыруу үчүн европалык армия (АКШсыз, балким, Улуу Британияны да тыш калтырып) түзүү демилгесин алып чыгат. Франция лидери өзү моюнга алгандай, бул демилге Евробиримдик өзүнчө бир "геосаясий күч" экенин аңдап, тагдырын өз колуна алышы үчүн керек.

Бардык күчтөргө жага тургандай, көз караштардын баарын бир нукка сала тургандай орток пикирге келүү мүмкүн эместей. Ал эми саясат мүмкүн болгон нерсенин гана чеберчилиги эмеспи. НАТО ичинен ирип баратат, буга күрддөр менен болгон көйгөй да, бир топ машакат жараткан Түркия да себеп эмес. Кептин баары – анын негизги мүчөлөрүнүн ар бири бардык катышуучулардын кызыкчылыгына дал келбеген жеке максаты үчүн альянсты бөлүп-жарууда.

Декабрдын башына белгиленген "Лондондогу тарыхый саммитке" дүйнөлүк маалымат каражаттары тыкыр көз салууда. Негизи анда эки чечимдин бири гана кабыл алынмакчы.

Альянстын катышуучулары же биротоло ачык урушуп тынат, же кийин ыдырап кетсе, башкасын айыптап чыгуу үчүн амалдана баары бир (бул чындыкка жакыныраак вариант) альянсты сактап калууга мүмкүн деген түр көрсөтүшөт.

Мунун баары — Россия үчүн жакшы жаңылык. Батышта кайрадан жанданган сымал "Россия кооптуулугуна каршы күрөшүү" боюнча кезектеги тилеги да НАТОнун консолидациясына алып келбесе, анда түндүкатлантикалык блокту сактап калчу күч чыгары күмөн.