Кыргызстанга Казакстандан 50 жейрен алып келүү пландалууда

1980-1990-жылдар аралыгында республикада жейрен азайып кеткен. Бүгүнкү күндө бул жандык Кызыл китепке киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Мирслав Аманкулов Кыргызстанда жейрендин санын көбөйтүүнү пландап жатат.

Аманкулов Ысык-Көлдүн күңгөй жагын жана Орто-Токой суу сактагычынын түштүк-батыш тарабын кыдырып чыккан. Агенттик жакын арада алып келинчү 50 жейренди ушул жерге коё бермекчи.

"Бул аймак жейрендер үчүн абдан ыңгайлуу. Жандыктар өткөн кылымдын 30-70-жылдары дал ушул жерди байырлап келишкен", — деди Аманкулов.

Мындай чанда болот! Жайлоого түшкөн ак илбирстин сүрөттөрү
50 жейрен эки тараптуу протоколдун негизинде Казакстандан алып келинмекчи.

Белгилей кетсек, ХХ кылымдын биринчи жарымында Орто Азия чөлкөмүндөгү жейрендердин саны жүз миңдеп саналып келген. Бул жаныбарлар көбүнесе Кыргызстандагы Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабын байырлачу. 1980-1990-жылдары жейрендердин саны кескин кыскарып, бүгүнкү күнү алар Кызыл китепке киргизилген.

Жейренге аңчылык кылгандарга миллион сом көлөмүндө айып каралган.