Жоголуп кеткен кыргызстандык Москвадагы ооруканадан табылды

Кыргызстандык жаран шаардагы ооруканалардын биринин реанимация бөлүмүнө түшүп калган. Абалы оор экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Москвада дайынсыз жоголуп кеткен кыргызстандык мигрант табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Элди чет жакка мыйзамсыз жиберип турган. Бишкектеги фирманын иши тергелүүдө
Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 33 жаштагы кыргызстандык келин кайрылган. Ал 2004-жылдан бери Россияда иштеп жүргөн 30 жаштагы жолдошу жоголуп кеткенин айткан. 2019-жылдын октябрь айында ал жумушуна унаасы менен кетип, ошону менен кайтып келген эмес.

Киши Москвадагы айлампа жолдон табылып, шаардагы ооруканалардын биринин реанимация бөлүмүнө түшкөнү белгилүү болду.

Дарыгерлер бейтаптын баш сөөгү катуу жабыркаганын аныкташкан. Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, бейтап эмнеден улам жаракат алганы такталып жатат.