18 миң кишиге ылайыкталган башкы стадионго эл батпай, жакынкы аймакка күйөрмандар зонасы уюштурулган. Ал жакка 500гө чукул адам чогулуп, "ак шумкарлардын" жеңишин күтүп жатышты. Улуттук команда ишеничти актоого бар күчүн жумшады. Бирок оюн Япониянын пайдасына чечилип, 2:0 эсеби менен аяктады. Япониялыктар биринчи голду пенальтиден камсыздаса, экинчисин айып топтон пайдаланып киргизүүгө жетишти.
Япониянын бул жеңиши командалардын тайпалык баскычын өзгөртпөйт. Аталган өлкө лидер болсо, Кыргызстан менен Тажикстан экинчи сапта турат. Кыргызстан экинчи орунда калат, себеби Тажикстан бүгүн Мьянмага 4:3 эсебинде жеңилди.
Эки өлкөнүн мелдеши 2020-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында болду.