БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Казакстандын интернет тармагына Костанай аймагындагы түрмөдө отургандардын телевизорду коюп алып, бешбармак жеп, виски ичип жаткан учуру тарап кеткен. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
161/2 абагы – коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулган жай. Кадрлардан бул жерде абдан ыңгайлуу, жылуу-жумшак шарт түзүлгөндүгүн көрүүгө болот. Бөлмөдөгү төрт киши бешбармак менен тамактанып, виски ичип жаткан деп жазды "Астана" телеканалы.
"Кандай "үлкөндөргө" мындай дасторкон жасалгандыгын айтыш кыйын. Роликтин автору колонияда адам оюна келбеген нерселер жасаларын айткан. Администрация кээ бир тартип бузууларга көз жуумп, жеңилдиктерге барарын баяндаган. Чын эле ошондой болгонун эми иликтөө көрсөтөт", — деп жазылган маалыматта.
Костанай облусундагы Жаза аткаруу департаментинин маалымат кызматы мындай факты абакта чындыгында болгондугун билдирди.
Маалыматта бул иш боюнча кылмыш иши козголгондугу кабарланды.