Италия, Испания, Австрияга виза берилбей турган болду. ТИМ себебин аныктайт

Кыргызстандыктар 2020-жылдын 1-январынан тарта Европанын үч өлкөсүнө виза ала алышпайт. ТИМ мындай чечимдин келип чыгышынын себебин аныктоодо.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Германиянын Кыргызстандагы элчилиги Испания, Италия жана Австрияга виза берүүнү токтоткону боюнча маселени карап жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жээнбеков ТИМге экологиялык дипломатияны күчөтүү тапшырмасын койду
Буга чейин элчиликтен 2020-жылдын 1-январынан тарта аталган өлкөлөргө виза берилбей турганы маалымдалган. 

Элчилик виза алуу үчүн аталган өлкөлөрдүн Нур-Султандагы (Казакстан) дипөкүлчүлүктөрүнө кайрылууга болорун кабарлаган. Мындай чечимге эмне себеп болгону такталган эмес.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Германия менен Австриядагы элчиликтерине аталган өлкөлөрдүн тышкы саясат ведомстволору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындай чечимдин келип чыгышына эмне себеп болгонун аныктоо тапшырмасын берди. Ошондой эле көйгөйдү чечүү жолдорун карап чыгуу тапшырылды.