Азиянын эң ажарлуу бийкечи тандалды

Азиянын чырайлуу кыздарынын катарына Голливуддун "Чудо-женщина" жана "Лига справедливости" тасмаларына тартылган израилдик актриса Галь Гадот да кирди.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Түштүк Кореядагы Blackpink тобунун солисти Лалиса Манобан TCCAsia сайтынын версиясы боюнча, 2019-жылдагы "Азиянын эң сулуу бийкечи" деп аталды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Таиланддык Лалиса Манобан япониялык ырчы Сакура Миявакини экинчи орунга калтырган.

Анын тобундагы кореялык Женни Ким үчүнчү сапка илинген.

Ал эми төртүнчү орунду кытайлык актриса Анжела Ян Ин ээледи.

Азиядагы чырайлуу кыздардын катарына дагы башка кореялык жылдыздар кирген. Мисалы, Girls Generation тобундагы Им Юн алтынчы, Red Velvet тобундагы Айрин онунчу орунду ээлеген.

Ошондой эле рейтингге Голливуддун "Чудо-женщина" жана "Лига справедливости" тасмаларына тартылган израилдик актриса Галь Гадот (16-орун) да кирген.