Лавров: АКШ Сириянын бир тарабын бөлүп алууга жан үрөп жатат

Сирияда согуш болуп келе жатканына сегиз жылдан ашты. Ушул тапта АКШ өнөктөштөрүнө Сирияны калыбына келтире турган долбоорлорду каржылоого тыюу салып койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Вашингтон Евфрат дарыясынын чыгыш жээгиндеги аймакты бөлүп алып, өзүнчө мамлекет сымал түзүлүш куруп алууга жан үрөп жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Париж форумундагы сөзүнө таянып РИА Новости жазды. 

"АКШ ал жерге инвестиция кылуу жолу менен Сирия демократиялык күчтөрү жана элдик коргонуу кыймылынын (күрд кошуундарынын) негизинде өзүнчө административдик аймак курууну көздөп жатат. Мындай жол менен алар Сириянын нефть чыккан аймагын бөлүп алып, көзөмөлдөп тургусу келет", — деди министр.

Лавровдун айтымында, АКШ ушул тапта Сирияны калыбына келтире туган долбоорлорду каржылоого өнөктөштөрүнө тыюу салып койгон.

"Бирок биз Сирия өкмөтү менен биргеликте өлкөгө качкындардын кайтып келип, жаңы жашоо баштоосуна шарт түзүп берүү максатында каалоочуларды кызматташууга чакырып жатабыз", — деди Лавров.

Башар Асад: Сириядагы апаат үчүнчү дүйнөлүк согуштун мини модели болду
Эске салсак, Сирияда согуш болуп келе жатканына сегиз жылдан ашты. Октябрь айынын башында Түркия Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына жана "Ислам мамлекетинин" согушкерлерине каршы "Тынчтык булагы" операциясын баштаган. Ал эми буга чейин күрддөрдү колдоп келген АКШ аталган операцияга кошулбай турганын билдирген. Бирок чыгыштагы нефть кендерин "Ислам мамлекетинин" согушкерлеринен коргоп берүү үчүн анча-мынча аскерлерин калтыра турганын айткан.

Буга чейин Пентагондун өкүлү Рэт Хоффман Сирия нефтисинен түшкөн киреше Америкага эмес, жергиликтүү күрддөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатканын билдирген.