Дүйнөдөгү эң кымбат саат аукциондо сатылып, акчасы кайрымдуулукка кетти

Сааттын циферблаты таза алтындан жасалган, бети кара жана күлгүн түстөргө алмашып турат. Колго тагуучу куру аллигатордун терисинен тигилген. Аны сатып алган киши атын ачыкка чыгарбоону суранган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Швейцариялык атактуу Patek Philippe брендинин сааты аукциондо 31 миллион долларга сатылды. Бул тарыхта эң кымбат баада сатылган саат экенин The Guardian басылмасы жазды.

Кызыгы, анын акчасы толугу менен кайрымдуулукка, тагыраагы, тукум кууган булчуңдун дистрофиясы илдетин изилдөөгө жумшалмакчы. Компания өтө кымбат жана жалгыз экземплярдагы саатты атайын кайрымдуулук максатында чыгарган.

1000 сомдук акча 20 эсе кымбат баада сатылууда. Себеби
Циферблат таза алтындан жасалган, бети кара жана күлгүн түстөргө алмашып турат. Колго тагуучу куру аллигатордун терисинен тигилген. Аны сатып алган киши атын ачыкка чыгарбоону суранган.

Буга чейинки рекорд дагы ушул эле компанияга тиешелүү эле. Ишкана 2014-жылы Женева шаарында өткөн аукциондо 1932-жылы жасалган саатты 24 миллион долларга саткан.

Булчуңдун дистрофиясына көпчүлүк учурда эркектер туш болот. Оору өзү 2-5 жаштагы балдарда кездешип, булчуңдарды алсыратып, адамды майып кылып коёт. Көпчүлүк учурда оорулуу омурткасын түз кармай албай, тили чулдурап калат. Мындай илдетке чалдыккандар адатта 25 жылдан азыраак жашайт.