ШИИБ: адашып кеткен тестиер бала милиционерлерден жардам сурап кайрылды

Окуучу Кайгуул милициясынын алдына кол булгалап чуркап чыгып жардам сураган. Ал ошол замат Бишкек ШИИББге жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кайгуул милициясынын кызматкерлери 3-класстын окуучусуна үйүн табууга жардам беришти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, кечээ, 12-ноябрда, милиционерлер Свердлов районун күзөтүп жаткан кезде кол булгалап чуркап чыккан баланы байкашкан.

"Ал милиционерлерге адашып кеткенин айтып, маягы жанган унааны көргөндө милиция экенин түшүнүп жардам сурап чуркап чыкканын айткан. Ал Бишкек ШИИББге жеткирилип, 2010-жылкы К.А. экени белгилүү болгон", — деп айтылат маалыматта.

Шаарда кайыр сураган балдарды издеген рейд өттү. Сүрөт
3-класстын окуучусу буга чейин Бишкектеги мектептердин биринде окуп, кийин башка окуу жайга которулган. Сабакка келген биринчи күнү үйүнө бара турган жолду таппай адашып кеткен. Свердлов районунун өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери баланы үйүнө жеткирип, ата-энесине тапшырган.

Милиция бардык ата-энелерди балдарынын күндөлүгүнө үйдүн так дарегин жана байланыш номерлерин жазып коюуга чакырат.