Иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында болот. Аталган фестивалга Россия, Казакстандан бийчилердин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Жамиля Туляева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Балет, балет…" фестивалы быйыл алтынчы ирет өткөрүлүп жатат.
"Саамалык балет бийчиси, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналат. Биздин окуу жай балет бийчисинин туулган күнүнө карата февраль айында биринчи иш-чараны өткөргөнбүз. Бул мааракеге карата Маданият министрлиги, өкмөт бир жылдык план түзгөн. Бул фестивалда Россия, Казакстан жана Кыргызстандын балет өнөрүнүн өкүлдөрү "Чолпон", "Жизель", "Ак куулар көлү" сыяктуу спектаклдерди коюшат. Фестивалды Чолпонбек Базарбаев атындагы фонд, министрлик жана Бишкек хореографиялык окуу жайы биргеликте өткөрүп жатат. Ал эми 16-17-ноябрда балет мектептеринде билим алып жаткан окуучулар менен элдик коллективдердин арасында боло турган эл аралык сынак өтөт. Ал "Youth America Grand Prix – Бишкек, Кыргызстан" деп аталып, аны америкалык ири бий тармагы биринчи ирет уюштуруп жатат. Мында биринчи же экинчи орун берилбейт. Бардык квалификациялык баалоодон өткөн катышуучу Америка, Европадагы бий академияларынан окууга мүмкүнчүлүк алат", — деди Туляева.
Ал аталган конкурстун финалы Нью-Йоркто өтө турганын кошумчалады.