Жер-Үйдөн кен казуу үчүн жардыруу иштери башталды. Сүрөт

Компания алтын алуу процессинин башталышы үчүн жаңы жылга чейин 50 миң тонна кен казып алууну пландап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Талас облусундагы Жер-Үй кенинде жардыруу иштери башталды, тагыраагы, кен казууга старт берилди. Бул тууралуу "Альянс Алтын" ишканасынан кабарлашты. 

Биринчи өндүрүштүк жардырууга Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов, эл аралык ишкерлик кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков, Россиянын соода өкүлү Валерий Лапытов, өкмөттүн Таластагы өкүлү Марат Мураталиев жана башкалар катышты.

Компаниянын башкы директору Михаил Шубин биринчи жардыруу кен казуу иштери башталганынан кабар берерин айтты.

"Алтын алуу процессинин башталышы үчүн жаңы жылга чейин 50 миң тонна кен казып алуу керек. Бул долбоорду ишке ашыруудагы эң маанилүү этаптардын бири", — деди ал.

Кыргызстанга тоо-кен тармагынан эң көп киреше түшкөн мезгил айтылды
Уюмдун жетекчиси колдоо көрсөткөн бийлик өкүлдөрүнө жана түшүнүү менен мамиле жасаган калкка ыраазычылык билдирди.

2015-жылдын май айында "Восток-геолдобыча" ачык акционердик коому Жер-Үй кенин иштетүү боюнча сынакты жеңип алган. Баштапкы төлөм 100 миллион долларды түзгөн. Жеңүүчү компания "Альянс Алтын" ЖЧКсын негиздеп, 2035-жылдын 28-августуна чейин кенди иштетүүгө уруксат алганы маалым.

Жер-Үй кени - Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.