Токтогулдагы абактын ремонт жасалгандан кийинки көрүнүшү

Капиталдык оңдоодон кийин 100 адамга ылайыкталган жатакана эксплуатацияга берилди. Ремонт иштерин камактагылар жасаган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы №52 колонияда жасалган ремонт иштери аяктады. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, капиталдык оңдоодон кийин 100 адамга ылайыкталган жатакана эксплуатацияга берилди. Ошондой эле карантиндик жайга 14 киши батат.

"Чатырлар оңдолуп, жылууланды. Пол дагы толугу менен ремонттолду. Заманбап стандарттар боюнча суу, жылуулук, канализация системалары калыбына келтирилди. Эми имараттын сыртын гана оңдош керек", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, санитардык-гигиеналык талаптарды эске алуу менен тамактануучу жай жакшыртылган. Сыртка жайкы ашкана курулду.

Ремонт иштерин камактагылар аткарган.