Ташкент жолдогу тыгынды азайтуу үчүн жаңы ыкма колдоно баштады

Ташкенттин бийлиги сингапурдук кесиптештеринин тажрыйбасын колдонуп жатышат. Жол инспекторлору мындай ыкма менен жол тыгын азаят деп үмүт кылышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ташкенттеги көчөлөрдүн кээ бир кесилиштерине атайын белги тартылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Шаардык бийлик мындай ыкма менен унаа тыгынды азайтууну көздөп жатат. Эгер айдоочу белги коюлган жерде тыгын жаралганын көрсө бош турган ичке жолдор менен башка унааларды ашып өтүүгө аракет кылбастан, ордунда күтүп турушу керек болот.

"Мындай белгини колдонуу идеясы Сингапурдун ийгиликтүү тажрыйбасынан улам алынган. Жаңы эреже Сингапурдун жолдорундагы кырдаалды кыйла жакшырткан", — деп айтылат маалыматта.

Жакынкы аралыкта мындай белги шаардын 18 кесилишинде пайда болот.