Ишкер Саймаитини өлтүрдү деген шектүүлөрдү кармап келген учур. Видео

Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, ишкерди эки киши артынан машина менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автоунаа менен из жашырган.
Sputnik

Стамбул шаарында ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалган үч кишини полицияга алып келген учурдун видеосун Haberler.com Anadolu агенттигине шилтеме берип жарыялады.

ЖМК: Саймаитини Түркияда өлтүрдү делген кыргызстандыктардын аттары аталды
Эскерте кетсек, буга чейин колго түшүрүлгөн үч кишинин экөөсүнүн кыргызстандык экени айтылып, аттары аталган.

Ишкер Айэркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, ишкерди эки киши артынан автоунаа менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автокөлүк менен из жашырган. Ишкер дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.

Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде токтоп турган консулдукка таандык 34 CC 2092 номерлүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны укук коргоо органдары алып кеткен. Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, консулдук номер жасалма болуп чыккан.

Кийинчерээк Тышкы иштер министрлиги унаа Кыргызстандын Стамбул шаарындагы консулдугуна тиешелүү экенин айтып, президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен консул Эркин Сопоков иштен алынган