Элди чет жакка мыйзамсыз жиберип турган. Бишкектеги фирманын иши тергелүүдө

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы чет жактан жумуш таап берем деген компаниялардын "көптү үмүттөндүргөн" сунуштарына азгырылбай, алардын документин суроо керектигин эскертет.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандыктарга чет жактан жумуш таап берип жүргөн компания мыйзамсыз иштерди жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Финполицияга У.Т. аттуу кыргызстандыктын Чехияга документи жана медициналык камсыздандыруусу жок барып калганы боюнча билдирүү келип түшкөн.

"У.Т. аттуу жарандын Европа өлкөлөрүнө ишке орноштуруу боюнча көрсөткөн кызматы үчүн компанияга миң доллар төлөгөнү аныкталды. Аталган компаниянын шартына ылайык, Чехияга келгенде жумуш орду жана жашоосу үчүн керектүү документтер берилиши керек болчу. Бирок аталган өлкөгө келгенден кийин убадаланган иш, тийиштүү документтери жана медициналык камсыздандыруусу жок калган", — деп айтылат маалыматта.

Тергөө учурунда компаниянын Бишкек шаары, Чүй проспектиси 28/1 дарегинде жайгашып, ишмердигин жүргүзүп келгени аныкталган.

Маселе болсо кайрылып тургула. ТИМ чет жактагы жарандар үчүн атайын номер ачты
Бул ишкана Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун мыйзамдуу жөнөтүүлөр реестринде катталган эмес, ошондой эле кыргызстандыктарды чет өлкөдө ишке орноштуруу укугун албаганы белгилүү болгон.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде компания тинтилип, анын жүрүшүндө мыйзамсыз ишкердикке багытталган иш-аракеттерди күбөлөндүргөн финансылык-чарбалык документтер табылган.

Азыркы убакта сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.