Шашылыш билдирүү: ашууларга кар көчкү түшөт

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. 11-ноябрдан 12-ноябрга чейин жаап өткөн карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу) 76-90-чакырымдарына кар көчкү түшүп, күрткү пайда болот. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.