Кыргызстандык жаш боксчулар Азия чемпионатына катышат

Бул мелдеште Кыргызстандын намысын тогуз боксчу коргойт. Андан сырткары, эки машыктыруучу коштоп барат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык боксчулар юниорлор арасындагы Азия чемпионатына катышарын Жаштар иши жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Нокауттан комага түшүп калган боксчу каза болду
Ага ылайык, мелдеш 8-ноябрдан 18-ноябрга чейин Монголиянын борбору Улан-Батордо өтөт.

Бул мелдеште Кыргызстандын намысын тогуз боксчу коргойт. Андан сырткары, эки машыктыруучу коштоп барат.

Чемпионатка катышып келүү үчүн Спорттун олимпиада түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 1 миллион 3 миң сом каралган.