Ашууларга 40 сантиметрдей кар түштү. Учурда абал кандай

Ала-Бел, Төө-Ашуу, Чоң-Ашуу жана Сөөк ашууларына кар түштү. Акыркы эки ашууда кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Облустар ортосундагы жолдордун айрым жерлерине кар түшүп, учурда жол тайгак болуп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандагы 28 ашуунун ичинен кар Ала-Бел, Төө-Ашуу, Чоң-Ашуу жана Сөөк ашууларына түштү. Акыркы эки ашууда кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жетти.

"Калган ашуулардын айрымдарында күн ачык болсо, айрымдарында ала булут каптап турат. Облустарды бириктирген жолдордо автоунаа тыгыны жок. Болгону кечээ Ала-Белде жүк ташуучу унаа токтоп калып, саат 18.00дөн 20.00гө чейин жол кыймылына тоскоолдуктарды жаратты", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен кошумчалашкандай, учурда жолго кум чачылып жатат.