Бети кишиникиндей болгон балык элдин үрөйүн учурууда. Видео

Кадрлардан балык көлдүн жээгине сүзүп келип, оозу менен бир башкача кыймылдарды жасаганын көрүүгө болот. Пикир калтыргандардын көбү балыктын көрүнүшү жагымсыз экендигин билдиришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары бети адамдыкындай болгон балыктын видеосун көрүп жүрөктөрү түшүүдө. Ролик Twitter баракчасындагы @Unexplained аккаунтуна жүктөлгөн.

Посттун автору карптын келбети адамдыкына окшош экендигин жазган. Кадрлардан балык көлдүн жээгине сүзүп келип, оозу менен бир башкача кыймылдарды жасаганын көрүүгө болот.

Пикир калтыргандардын көбү аталган видео алардын жүрөгүнүн үшүн алганын айтып, балыктын көрүнүшү өтө эле жагымсыз экендигин билдиришкен.

"Менин аябай тынчым кетип турат!", — деп жазган WeAreAllOne.

"Шайтан балык", — деген Tee.

"Волан-де-Морт (Гарри Поттердеги каарман — ред.) кайтып келди!", — деп тамашалаган mark kemner.