Радио

Мурзашев: ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргени бизнес өнүккөн деле жок

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев жергиликтүү бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү багытында 2018-жылы өкмөт тарабынан ишкерлерди текшерүүдөгү мораторий киргизилгенин айтты.
Sputnik
Мурзашев: ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргени бизнес өнүккөн деле жок

Ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргени бизнес тармагы өнүгүп, өлкө бюджетине түшкөн салыктын көлөмү өскөнү деле байкалган жок. Бул тууралуу Махамат Мурзашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мораторий 2021-жылга чейин кабыл алынган жана бул убакыт аралыгында ишканалар пландык гана негизде текшерүүгө алынат. Андан сырткары, жаңы ачылган ишканаларды салык кызматынан башка эч бир орган үч жыл катары менен көзөмөлдөй албайт.

"2018-жылы өкмөттүн токтому менен ишкерлерди текшерүүгө бөгөт койгон мораторий кабыл алынган. Анын негизги максаты бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү менен түшкөн салыктар аркылуу өлкө бюджетине киреше алып келүү болгон. Бирок иш жүзүндө күтүлгөн өнүгүү деле байкалган жок. Тескерисинче, ар ким өзү каалаган бизнестин түрү менен алектенип, көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты начарлап жатат. 8-ноябрда "Антошка" тез татым жайында болгон жарылуу буга түздөн-түз далил. Андан сырткары, тамак-ашка уулангандардын да саны өсүп жатат. Азыр баары эле мораторийге таянып алып эч бир текшерүүчү органдын уруксаты жок эле ишмердүүлүк менен алектенүүдө. Бул туура эмес. Көзөмөлдүн жоктугунан кесепеттүү окуялар көп каттала баштады. Мындан улам текшерүүгө тыюу салган мораторийди дагы бир сыйра карап чыгып, кемчиликтерин жоюу керек", — деди Мурзашев.

Ошондой эле ал Бишкек шаары боюнча 300дөн ашуун тез татым жайлары бар экенин кошумчалады.