Чикагодо аталган компанияны ачуунун башкы максаты ал жактагы кыргызстандыктарды 6-7 айда IT адиси кылып чыгаруу болду. Бул тууралуу Эсен Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул окуу борборунда билим алуу үчүн англис тили, Америкада иштөөгө уруксаты бар деген документ талап кылынып, маектешүүнүн негизинде кабыл алынат.
"Мен сегиз жылдан бери Америкада жашайм. Окууну ошол жакта бүтүрүп, үч жылдан бери IT тармагында эмгектенип келем. Cybertek компаниясы негизи Вашингтондо жайгашкан. Ал эми Чикагодо потенциалды, мүмкүнчүлүктү көрдүк, суроо-талап да жогору болчу. Андан тышкары, кыргызстандык жаштар абдан көп. Азыркы учурда эки жарым жылдын ичинде 300гө жакын кыргыз адис билим алып чыгып, жакшы жумуштарга орношту. Биздин статистиканы карасак, окууну бүткөндөрдүн 95 пайызы иш таап кетет. Мурда Америкада кыргыз мигранттарга таксист, сатуучу катары карашса, азыр айтишник, билимдүү адам катары таанып калышты. Андан тышкары, Кыргызстанда филиалыбыз бар. Бирок бул жерде окуу борбору эмес, долбоорлорду жасаган 15 адис иштейт", — деди Ниязов.
Ал аталган борбордо окуунун баасы 13 миң доллар экенин жана алгач 6 миң доллар төлөп окуп, жарымын кийин жумушка орношкондо гана берерин кошумчалады.