Боливияны 13 жыл башкарган Моралес толкуган элди токтото албай отставкага кетти

Боливиянын президенти алгач жаңы шайлоо өткөрүүгө макул болгон, бирок нааразычылык акциялары аны мандатын тапшырууга аргасыз кылды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Боливия мамлекетин 13 жыл башкарган президент Эво Моралес отставкага кетти. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Мындай чечимди ал 20-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда мыйзам бузуулар болгону туурасында Америка мамлекеттик уюмунун докладынан кийин кабыл алган. Шайлоодон Моралестин негизги атаандашы Карлос Меса 10 пайызга көбүрөөк добуш менен жеңип чыгышы бир топ нааразычылыкты жаратып, өлкөдө башаламандык башталган. Мындай көрүнүш алиге чейин токтой элек, оппозиция Моралести алдамчылыкка айыптап жаткан.

Ал эми жекшемби күнү эртең менен Моралес күтүүсүз билдирүү жасап, кайрадан президенттик шайлоо өткөрүлөрүн айтты. Муну менен ал адам өмүрү кыйылып жаткан өлкөдөгү башаламандыкты токтотууга ниет кылганын билдирди.

Шайлоочуларга коон таратканы үчүн отставкага кетти. Япониядагы окуя
Деген менен оппозиция кайрадан шайлоо өткөрүү жетишсиз деп эсептеп, анын отставкага кетишин талап кылды. Бул билдирүүгө таасирдүү социалдык жана эмгек уюмдары да кошулган. Бирок Моралес муну мамлекеттик төңкөрүш катары сыпаттап, 2020-жылдын январына чейин иштөөгө конституциялык укугу бар экенин айткан.

Ага карабай бир топ аткаминерлер да президентке каршы чыкты. Боливиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Уильямс Калиман да өлкөдөгү тынчтыкты сактоо үчүн мандатын тапшырууга чакырды.

Ошентип түштөн кийин саат 16.51де (Бишкек убактысы менен 2.51) Моралес отставкага кеткенин жар салды. Анын артынан эле шайлоого чейин өлкөнү убактылуу башкара турган вице-президент, Сенаттын төрагасы, Сенаттын вице-спикери да мандатын тапшырып кетти. Натыйжада убактылуу бийлик оппозициялык маанайдагы экинчи вице-спикер Жанин Аньестин колуна өтөрү белгилүү болду.

Бирок Эво Моралестин иштен кетиши менен башаламандыктар токтоп калган жок. Ошол эле күнү бир ишкана каракталганы, борбор калаада 15 автобус өрттөлгөнү, экс-президенттин үйү жана анын администрациясы талкаланганы айтылат.