Кармаш уланат! Бишкекте өтчү футболдук беттештердин проморолиги

Кыргызстандын футбол федерациясы 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтө турчу беттешке карата тартылган промо роликти жарыялады. Улуттук команда Япония жана Тажикстандын футболчулары менен күч сынашат.
Sputnik

Аталган эки оюн тең Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт. Тагыраак айтканда, Кыргызстан 14-ноябрда Япония, 19-ноябрда Тажикстан менен футбол талаасынан кездешет.

Футбол: Кыргызстандын курамасы өзбекстандык атаандаштарына утулуп калды
Футбол федерациясы проморолигинде чемпионатка чыгуу үчүн кармаш улана турганын белгилеп, күйөрмандарды стадионго келип, улуттук команданы колдоп-сүрөөгө чакырат.

Буга чейин кыргызстандык футболчулар тажикстандыктардын талаасында беттешип, 0:1 эсебинде утулуп калган. Ал эми өз үйүндө Мьянманы 7:0 эсебинде жеңип алган. Андан соң Улан-Баторго барып монголиялык атаандаштарын 1:2 эсебинде утуп келишкен.