БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Балыкчы шаардык мэриясынын имаратынын алдына бир үйүр жылкы кирип кеткени үчүн ээси айыпка жыгылды. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-ноябрда мэриянын алдындагы аянтка 18 баш жылкы кирип кеткен. Буга байланыштуу Эреже бузуулар кодексинин 182-183-беренелерине ылайык, Тоң районунун Ак-Өлөң айылынын тургунуна, жылкылардын ээсине 7 500 сом айып салынган.
"Буга чейин ушундай көрүнүштөр катталып, мал ээлерине эскертүүлөр берилип келген. Урматтуу Балыкчы шаарынын тургундары, малды өз убагында жайыттан айдап, кечки убакытка калтырбай короолорго киргизип алууну суранабыз", — деп кайрылат мэрия.
Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол жээгинде кароосуз жүргөн малды сүзүп кетүү окуяларын алдын алуу максатында Эреже бузуулар кодексинин 127-182-183-беренелерине ылайык айып пул салынарын эскертет.