Бишкекте жарылган тез татым жайынын ээсинин баш коргоо чарасы тандалды

8-ноябрда "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, бир кызматкер көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Свердлов райондук соту борбор калаада жарылуу болгон "Антошка" тез татым борборунун ээси Абдил Карыпбековдун баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

"Сотко чейинки төргөө иштеринин алкагында үй камагына алынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жарылуу болгон "Антошка" тез татым жайына акыркы жолку текшерүүдө айып салынган
Эске салсак, 8-ноябрда "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, бир кызматкер көз жумган. Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон.

Кырсыктан кийин Бишкек ШИИБинин тергөө кызматы Жазык кодексинин 261-беренеси боюнча ("Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу") сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тез татымдын ээси Абдил Карыпбековду кармаган.