Ала качылды деген кыздын видеосун милиция дагы деле териштирип жатат

Укук коргоо органдары коомчулукта бир топ сын-пикир жараткан ала качылган кыздын видеосунун чоо-жайын тактай элек.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Милиция кызматкерлери ала качылган кыздын видеосу боюнча текшерүүнү улантып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Окуя болгондон бери 35 күн өттү.

7-октябрда социалдык тармактарга жарыяланган видео коомдо бир топ сын-пикир жаратты. Окуя Таласта болгону маалымдалган. Кийинчерээк бул видео тамаша иретинде гана тартылганын социалдык тармактын айрым колдонуучулары жазып чыгышкан

"Текшерүү улантылууда. Азырынча жыйынтык жок", — дешти милициядан.

Видеодон көшөгөдөн жулкунуп чыгып кетүүгө аракет кылып, ыйлап жаткан кызды көрүүгө болот. Андан сырткары, бөлмөдө тагылып турган көшөгө, кызды аял кишилер кармап калууга жана башына жоолук салууга аракет кылып жаткан учур да тартылып калган.