Радио

Асанов: жарылуу болгон тез татымда түшүндүрүү иштери 4-июнда өткөн

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын өрт көзөмөлү башкармалыгынын башкы инспектору Жумгал Асанов борбордогу жарылуу болгон тез татым жайына коопсуздук эрежелери боюнча былтыртан бери бир нече эскертүү берилгенин айтты.
Sputnik
Асанов: жарылуу болгон тез татымда түшүндүрүү иштери 4-июнда өткөн

2018-жылы "Антошка" тез татым жайы текшерилип, бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Ал эми текшерүүлөргө мораторий киргени тийиштүү түрдө көзөмөл жүрбөй калды. Бирок ага карабастан үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, аталган жайдын кожоюну аны тастыктай турчу документке кол коюп берген. Бул тууралуу Жумгал Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өрт коопсуздугунун эрежелерине ылайык коомдук тамактануучу жайлардын ичинде газ баллон колдонуп, тамак бышырууга тыюу салынат. Ал эми "Антошка" тез татым жайында төрт газ баллон болгон.

"2018-жылы пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүп, "Антошка" тез татым жайында бир нече мыйзам бузуу фактыларын аныктаганбыз. Аталган жайдын кожоюнунда ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берген документтери жанында жок болуп чыккан. Кийин 2019-жылы Экотехинспекциянын тапшырмасын так аткарбаганы үчүн Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренесине ылайык протокол түзүлүп, айып салынган. Ал эми 2018-жылдын 17-декабрында ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү боюнча өкмөттүн токтому ишке киргени тез татым жайлары тийиштүү көзөмөлгө алынбай калды. Бирок ага карабастан "Антошкада" быйыл 4-июнда өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кеткенбиз. Аны тастыктаган документтер да бар. Тилекке каршы, аталган жайда тийиштүү эрежелер сакталбай, кесепети кейиштүү болду. Бул кырсыктын негизги себеби — коопсуздук эрежелерине болгон кайдыгер мамиле", — деди Асанов.

Ошондой эле ал 2021-жылга чейин ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган мораторийди кайра карап чыгуу керектигин кошумчалады.