Бишкектин бир катар аймагында жарык болбойт. Тизме

Оңдоо иштеринен улам Бишкектин батыш бөлүгүндө, кичи райондордун биринде жана бир катар конуштарда жарык өчөт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. 11-ноябрда Бишкектин бир катар аймагында электр энергиясы болбойт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын сайтында маалымдалды.

Бул күнү мекеменин кызматкерлери көмөк чордондорду алмаштырып, жаңы жабдууларды коёт. Ошондой эле башка оңдоо иштерин жүргүзөт.

Жарык болбой турчу аймактар:

Саат 09:00 - 18:00 —Махатма Ганди, Москва, Панфилов, Кулиев көчлөрүнүн бир бөлүгүндө жана Караван туюк көчөсүндө. Андан сырткары, Көлмө конушундагы Жаштык, Достук, Мидина көчөлөрүндө;

Саат 09:30 – 12:00 — №6 кичирайондогу №30-33, 32/1 үйлөрдө;

Саат 09:30 – 18:00 — Учкун-2 конушундагы Чүй көчөсүндөгү №30, 32, 34, 36 үйлөрдө;

Cаат 10:00 – 18:00 — Керамика көчөсүнүн бир бөлүгүндө