Радио

Бообекова: тагдырым ушундай деп турмуштун агымы менен кете берген болбойт

Психолог, педагогика илимдеринин кандидаты Кадиян Бообекова жашоодогу кыйынчылыктарга туруштук берүүдө мурдагы советтик өлкөлөрдүн аялдары чыдамкай келерин айтты.
Sputnik
Бообекова: тагдырым ушундай деп турмуштун агымы менен кете берген болбойт

Аял тагдырыма жазганы ушундай деп эле жашоонун агымы менен кете бергени туура эмес. Мындай пикирин Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, түрдүү кыйынчылыктарды жеңүүдө аялдар башкаларга айтып, ыйлап, бугун чыгарып жеңилдеп алышат. Эркектер мындай кыла албагандыктан кан басымы көтөрүлгөн учурлар көп кездешет.

"Аялбы, эркекпи жашоодо алдына максат коё билүүсү керек. Максаты жок адам күнүмдүк турмуш менен алышып, оюндагыдай болбой калса депрессияга кабылышы мүмкүн. Ал эми аялдар үчүн алдыга максат коюу эркектерге караганда бир аз кыйыныраак. Анткени алар эне болгондуктан бала багуу милдети бар. Өзгөчө мурдагы советтик өлкөлөрдүн аялдары Улуу Ата мекендик согуштан кийин жашоонун түйшүгүн коркпой мойнуна алып, жаралган кыйынчылыкты жеңүүгө аракет кылып көнүп калышкан", — деди Бообекова.

Психолог заман өзгөрсө да көпчүлүк милдет аялдарга жүктөлүп отуруп, алар өзүн аяганды билбей калышканын кошумчалады.