Кыргызстандык хоккейчилердин 2022-жылкы олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүгү бар

Кыргызстандык хоккейчилер тандоо турунун биринчи этабындагы турнирине катышуу үчүн Люксембург шаарында жүрүшөт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турчу Олимпиада оюндарынын тандоо турларынын биринчи этабында Люксембургдун командасын 5:3 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов билдирди.

Кыргызстандын курамасы Босния, Герцеговина, Люксембург жана Бириккен Араб эмирлиги менен чогуу N тайпасына түшкөн.

Буга чейин КРдин курамасы Бириккен Араб эмирлигинин командасы менен ойноп, 9:4 эсебинде уткан.

"Босния жана Герцеговина менен бир оюн калды. Андан кийин тайпада ким биринчи болгону аныкталат. Буга чейинки беттештерде аларды утканбыз, бирок азырынча жыйынтык кандай болорун айтуу эрте", — деди Жакыпов.

Бишкекте Олимпиада чемпиону Осмоналиевдин байгесине арналган мелдеш болот
Эң мыкты команда экинчи этапка өтүп, Нидерланддар, Испания жана Мексика командаларына кошулат. Андан кийин эң күчтүү команда Нур-Султанда боло турчу беттешке барат. Ал жактан Казакстандын, Польшанын жана Украинанын курамалары менен үчүнчү квалификациялык оюндар үчүн ат салышат. Жеңүүчү болгон команда 4-квалификациялык этапка өтүп, финалдык беттеште Латвия, Франция жана Италиянын оюнчулары менен кездешет.

Кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы 4-февралдан 20-февралга чейин Пекин шаарында өтөт.