Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 11-ноябрда, түнкүсүн өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Талас жергесинде +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, ал эми Ысык-Көлдө +3...+8 жана Нарын аймагында +1...+6 градуска жылыйт.

Бишкекте күндүн биринчи жарымында жаан жаайт, Ош шаарында күн ачык болот. Борбор калаада +6...+8 жана Ошто +9...+11 градус болору болжолдонду.