УКМК төрагасына биринчи орун басар дайындалды

Биринчи орун басарлыкты буга чейин УКМКнын азыркы төрагасы Орозбек Опумбаев ээлеп келген. Ал үстүбүздөгү жылдын июнь айында коопсуздук кызматына жетекчи болуп дайындалган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Талантбек Салиев УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Талантбек Салиев 1975-жылы туулган, жогорку билимдүү. 1997-жылдан тартып улуттук коопсуздук органдарында түрдүү кызматтарда иштеген.

Ал эми биринчи орун басарлыкты буга чейин УКМКнын азыркы төрагасы Орозбек Опумбаев ээлеген. Ал үстүбүздөгү жылдын июнь айында коопсуздук кызматына жетекчи болуп дайындалган.